Akchabarsearch
Кыргызстанда 191 миңден ашык балага "бала ырысы" жөлөкпулу берилүүдө

Жарыяланган

2026-18-08, 10:24

Кыргызстанда 191 миңден ашык балага "бала ырысы" жөлөкпулу берилүүдө

Кыргызстанда 191 миңден ашык балага "бала ырысы" жөлөкпулу берилүүдө. Бул тууралуу министрлер кабинетинин орун басары Улан Маматкановдун жетекчилиги астында өткөн кеңешмеде айтылды

Маалым болгондой, 1-августка карата өлкөдө аталган жөлөкпулду алууга 193 миңден ашык арыз түшкөн. Алардын ичинен 191 миңден ашыгына жөлөкпул дайындалган. Жөлөкпулду төлөөгө 235.8 млн берилген. 

"Бала ырысы" жөлөкпулун берүү болушунча жөнөкөй, даректүү жана ачык болушу керек", - дейт Маматканов.

Кеңешменин соңунда Маматканов жыйында айтылган маселелерди ыкчам чечүүнү тапшырган.

Эскерте кетсек, "Бала ырысы" жөлөкпулу үч жашка чейинки балдардын баарына бай-кедей үй-бүлөдө жашаганына карабай берилет. Анын өлчөмү 1.2 миң сомду түзөт. 


Тектеш материалды окуу