
Жарыяланган
2026-18-08, 09:522026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 713.6 тонна кебез импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Беш айда өлкөгө ташып келинген кебездин жалпы наркы 71.4 млн сомду түзгөн.
Кебез Кыргызстанга 10го жакын өлкөдөн импорттолгон. Бирок алардын ичинен көбү Өзбекстан (561.9 тонна), Россия (124.4 тонна) жана Кытайдан (23.8 тонна) сатып келинген.
2025-жылдын январь-май айларына караганда быйылкысында кебездин импорту 2 миң 118 тоннага же дээрлик 4 эсе азайган. Былтыр беш айда Кыргызстанга 2 миң 831.6 тонна кебез импорттолгон.



