
Жарыяланган
2026-18-08, 16:04Кыргызстанда Pinduoduo, Telegram жана башка ири компаниялардын иши бөгөттөлүшү мүмкүн. Ага бул компаниялар салык төлөбөй жатканы себеп болууда.
Салык кызматы Кыргызстанда электрондук кызматтарды (онлай-оюн, Интернетте жарнама жайгаштыруу, хостинг, программалык камсыздоо жана башка ушул өңдүү кызматтар) көрсөткөн чет элдик компаниялар кошумча нарк салыгын төлөшү керектигин белгилейт.
Азыркы тапта чет элдик 73 компания каттоодон өтүп, салык төлөп жатат. Бирок алардын арасында кыргыз жарандарынын (жалпы эле резиденттеринин) аркасы менен пайда таап, каттоодон өтпөй жана салык төлөбөй жүргөндөр бар.
Салык төлөбөй жүргөн компаниялар:
2024-2025-жылы эле аталган компанияларга 15.9 млн жолу акча которулуп, анын жалпы суммасы 13.2 млрд сому түзгөн.
Алардын ичинен эң көп акча которулган компаниялар Pinduoduo (8.89 млрд сом), Alibaba (2.83 млрд сом) жана Microsoft (1.01 млрд сом) болгон.
Салык кызматы аталган компанияларга бир нече жолу расмий кат жолдоп, каттоодон өтүп, салык төлөшү керектигин билдирген. Ага кошо Тышкы иштер министрлиги аркылуу кайрылуулар жөнөтүлгөн. Бирок алардан эч кандай жооп келген эмес.
Салык кызматы бул компаниялар салык төлөбөй иштей бере турган болсо, мыйзамга ылайык чара көрө турганын, анын ичинде аларды Кыргызстан ичинде бөгөттөө боюнча иш алып барарын белгиледи.
Аталган компаниялар vat.salyk.kg сайты аркылуу каттоодон өтө алышат.



