Akchabarsearch
Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Жарыяланган

2025-27-10, 15:10

Беназир Нурланова экономика министринин орун басары болуп дайындалды

Беназир Нурланова экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди. 

Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Беназир Нурланова Нурлановна 30 жашта. Экономика жана укук тармагында жогорку билимге ээ. Буга чейин президенттин администрациясында жана Экономика министрлигинде иштеген.

Ал экономикалык өнүгүү, мамлекеттик башкаруу реформалары жана социалдык-экономикалык саясатты өркүндөтүү боюнча стратегиялык демилгелерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышкан.

Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси деген класстык чини бар. 


Тектеш материалды окуу