
Жарыяланган
2026-11-03, 09:38Чек ара кызматынын төрагасынын жаңы орун басарлары дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мирзамир Сыдыков, Данияр Сатимов, Мансур Исаков аталган кызматтын төрагасынын орун басары болуп дайындалышты.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.



