Akchabarsearch
Искандер Адиев Кыргызстан улуттук электр тармагынын директорунун орун басары болду

Жарыяланган

2025-12-09, 16:09

Искандер Адиев Кыргызстан улуттук электр тармагынын директорунун орун басары болду

Искандер Адиев "Кыргызстан улуттук электр тармагы" компаниясынын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган компания билдирди.

Тиешелүү чечим компаниянын Директорлор кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Буга чейин Искандер Адиев Кыргызстан улуттук электр тармагында Перспективдүү өнүгүү тобунун жетекчиси болуп иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейин орун басарлык кызматты Илгиз Сыдыгалиев ээлеп келген. Ал Кыргызстан улуттук электр тармагынын башкы директору болуп дайындалган. 


Тектеш материалды окуу