Akchabarsearch
Беш айда Кыргызстанга 4.52 млрд сомго буудай импорттолду

Жарыяланган

2026-14-08, 14:10

Беш айда Кыргызстанга 4.52 млрд сомго буудай импорттолду

2026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга 4.52 млрд сомго буудай импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинини маалыматында айтылат.

Өлкөгө жалпы 234.1 миң тонна буудай ташып келинген. 

Буудадын көбү Россия (дээрлик 179 миң тонна) жана Казакстандан (55.1 миң тонна) импорттолгон. Дагы азганакай өлчөмдө Канададан ташылган.

2025-жылдын январь-май айларына караганда быйылкысында буудайдын импорту 95.7 миң тоннага көп болгон. Былтыр беш айда Кыргызстанга 138.4 миң тонна буудай ташып келинген. 
 


Тектеш материалды окуу