
Жарыяланган
2026-18-08, 18:532026-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга дээрлик 3.8 млрд сомго цемент импорттолду. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Өлкөгө жалпы 610.4 миң тоннадан ашык цемент ташып келинген.
Кыргызстанга цемент Өзбекстан (451.2 миң тонна), Казакстан (131.5 миң тонна), Кытай (24 миң тонна), Иран (3.6 миң тонна) жана Беларустан (20 тонна) импорттолгон.
Былтыр беш айда Кыргызстанга 294.4 миң тоннадан ашык цемент сатып келинген.



