
Жарыяланган
2026-05-06, 17:27Быйыл президенттин администрациясынын чыгымдарына 806.4 млн сом каралган. Бул тууралуу Ачык бюджет порталында айтылат.
20260-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы менен президенттин администрациясынын чыгашаларына 432.2 млн сомдой акча кеткен. Бул акчанын көбү же 368 млн сому кызматкерлерге айлык акы төлөөгө жумшалган. Мунун ичинде 325.3 млн сом маяна, кошумча төлөмдөр болсо, калган 43.12 млн сому Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмү катары которулган.
Дагы 63.4 млн сом товар жана кызмат сатып алууга кеткен деп көрсөтүлгөн. Бул акчанын көбү же 52.7 млн сому кызматтык сапарларга сарпталган. Ушул 52.7 млн сомдун 4.9 миллиону өлкө ичиндеги, 47.8 млн сомго жакыны чет өлкө сапарларына кеткен.



