
Жарыяланган
2026-05-06, 16:55Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчин менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Касымалиевдин айтымында, жолугушуунун программасы мазмундуу болуп, анда соода-экономика, өнөр жай, аймактар аралык байланыштар, туризм жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери каралды.
Ал Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы мамилелерди дагы да өнүктүрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 4.5 эсеге өсүп, 46 млн доллардан 206 млн долларга жеткен. Кыргызстан менен Беларусь жакынкы жылдары өз ара сооданын көлөмүн 500 млн долларга жеткирүүнү максат кылууда.
Ошондой эле тараптар сооданын көлөмүн көбөйтүү менен катар жаңы өндүрүштүк байланыштарды түзүү жана экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү экенин белгилешти.



