Akchabarsearch
Кыргызстандык үч компанияга Европа биримдигине бал экспорттоого жол ачылды

Жарыяланган

2026-05-06, 16:44

Кыргызстандык үч компанияга Европа биримдигине бал экспорттоого жол ачылды

Кыргызстандык үч компанияга Европа биримдигине бал экспорттоого жол ачылды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. 

Маалым болгондой, аталган компаниялар Европа биримдигинин TRACES (Trade Control and Expert System) системасына киргизилгенин. 

“Бул жетишкендик улуттук ветеринардык көзөмөлдөө тутумун Европа биримдигинин талаптарына шайкеш келтирүү боюнча жүргүзүлгөн ырааттуу иштердин натыйжасы болуп саналат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын балынын Европа биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолушуна расмий уруксат берилиши өлкөнүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өбөлгө түздү”, - деп айтылат маалыматта.

TRACES системасына киргизүү жаныбарлардан алынган продукцияны Европа биримдигинин рыногуна экспорттоону уюштуруудагы маанилүү этап болуп эсептелет. 

Аталган система продукциянын келип чыгышын жана кыймылын көзөмөлдөөнү, ветеринардык документтердин туура таризделишин, ошондой эле Европа биримдигинин ветеринардык жана санитардык талаптарынын аткарылышын камсыз кылат.


Тектеш материалды окуу