
Жарыяланган
2026-05-06, 15:22Чүйдүн Аламүдүн районундагы Теплые ключи санаторийинин аймагында Аламүдүн кичи гидроэлектр станциясын салып жаткан «Белен Групп» компаниясы курулуш учурунда бак-дарактарды мыйзамсыз кыйгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Экология министрлиги билдирди.
Айлана-чөйрөгө келтирилген зыян 152.2 миң сом деп бааланып, компания аны мамлекеттин эсебине төлөп берген.
Министрлик «Белен Групп» кичи гидроэлектр станциянын курулушун тиешелүү мамлекеттик органдардан алган уруксат документтеринин негизинде жүргүзүп жатканын билдирди.



