Жарыяланган
2025-25-07, 16:25Быйыл картошкадан 1.15 млн тонна, сабизден 168 миң тонна түшүм жыйналат деп болжолдонууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы картошка 64 миң 637 гектар, ал эми сабиз 7 миң 332 гектар жерге айдалган.
Акыркы жылдары картошканын 1 гектарынан 175–178 центнер, сабизден 230 центнерге чейин түшүм алынып жаткандыктан, министрлик быйыл картошкадан 1,1–1,15 млн тонна, сабизден 168 миң тонна түшүм жыйналат деп болжолдоодо. Ал өлкө өзүн-өзү картошка жана сабиз менен камсыз кылууга ашыгы менен жетет. Себеби Кыргызстанда жылына 757 миң 900 тонна картошка, 98 миң 600 тонна сабиз керектелет.