Akchabarsearch
Быйыл беш айда Өзбекстанга 1.5 миллиондон ашык кыргызстандык барган

Жарыяланган

2026-17-06, 15:23

Быйыл беш айда Өзбекстанга 1.5 миллиондон ашык кыргызстандык барган

Быйыл беш айда Өзбекстанга 1.5 миллиондон ашык кыргызстандык барган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди. 

Маалым болгондой, Өзбекстанга быйыл январь-май айларында 5 млн 351.8 миң чет элдик туристтик максатта келген. Өзбекстанга келген чет элдиктердин сап башында кыргызстандыктар турат. 

Өзбекстанга келген чет элдиктер:

  1. Кыргызстан – 1 млн 539.5 киши;
  2. Казакстан – 1 млн 2467. адам;
  3. Тажикстан – 1 млн 211 миң киши;
  4. Россия – 465.9 миң адам;
  5. Афганистан – 198.9 мин киши;
  6. Кытай – 178.1 миң адам;
  7. Түркмөнстан – 137 миң киши;
  8. Түркия – 78.3 миң адам;
  9. Индия – 20.8 миң киши;
  10. Германия – 18.3 миң адам.
     

Тектеш материалды окуу