
Жарыяланган
2026-17-06, 13:37Жогорку Кеңеш «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу үчүн Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынан насыя алуу тууралуу алкактык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Аталган банктан Кыргызстан 2 млрд 75 млн юань (305 млн доллар) насыя алганы жатат. Насыя 25 жылга берилет. Анын 5 жылы жеңилдетилген мөөнөт болот. Үстөгү 1.5%ды түзөт. Кытай өкмөтү 730 млн юань насыянын үстөк пайызын өзү төлөп берет.
Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев аталган темир жолдун стратегиялык мааниси абдан зор экенин белгиледи.
“Биз өлкөбүздүн гана эмес, бүтүндөй Борбор Азиянын геосаясий жана экономикалык картасын түп-тамыры менен өзгөртө турган чоң долбоорду ишке ашыруу процессинде турабыз. Кыргызстан деңизге түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Чыгыш менен Батышты, Батыш менен Чыгышты байланыштырган эң маанилүү транзиттик борборго айланат деген чоң ишеним бар”, - дейт Тургунбаев.
Бул темир жолдун 304 чакырымы Кыргызстандын аймагы аркылуу өтөт. Кыргызстан аркылуу өткөн тилкени Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан биригип сала турган болгон. Ал үчүн Кыргызстанда биргелешкен «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол компаниясы ачылган. Бул компаниядагы Кыргызстандын үлүшү 24.5%ды түзгөн.
Жолду куруу үчүн 4.7 млрд доллар кетет деп эсептелген. Бул акчанын 2.3 млрд долларын Кытай насыя катары бере турган болгон. Калган акчаны үч өлкө биргелешкен компаниядагы үлүшүнө жараша чыгарат: Кытай – 51%, Кыргызстан менен Өзбекстан 24.5%дан.



