
Жарыяланган
2026-17-06, 14:31Чүйдүн Аламүдүн районунун Мраморное айылындагы мектептин 275 орундуу кошумча имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Кошумча имарттын жалпы аянты дээрлик 2 миң чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, китепкана, лаборатория, жыйындар залы жайгашып, жайкы машыгуу аянтчасы каралган.
Анын курулушуна акча республикалык бюджеттен бөлүнүп, жалпы 111 млн сом сарпталган.
Мектептин жаңы корпусу окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилет. Анда эки нөөмөттө 600гө жакын окуучу келип окуйт.
Мраморное айылындагы 1972-жылы салынган эски мектепте 1.2 миң бала билим алат. Бул мектепте Мраморное айылынын гана эмес, коңшу үч айылдан келген окуучулар да окуйт.



