Akchabarsearch
    Быйыл үч айда калкка 46 кг алтын сатылды

    Жарыяланган

    2025-16-06, 17:48

    Быйыл үч айда калкка 46 кг алтын сатылды

    2025-жылдын биринчи чейрегинде Кыргызстанда 381 млн сомго 46 кг монетардык алтын куймалар сатылган. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Мэлс Аттокуров Жогорку Кеңештин Бюджет комитетинин жыйынында билдирди. 

    Анын айтымында, 2024-жылы жалпы 63 кг алтын сатылган. Эл көбүнчө 1, 5, 10 жана 100 граммдык алтын куймаларды сатып алат. 

    "Жарандар алтын куймаларын сатып алып, кайсы бир убакыттан кийин кайра бизге сатып өткөрүшөт. Биз алтынды эл аралык биржанын баасы менен сатабыз", — дейт Аттокуров.

    Мурдагы жылдыр менен салыштырсак, өлкөдө 2023-жылы 37 кг алтын куймасы сатылган. Акыркы үч жылда алтын сатып алгандар көбөйүүдө: мурда жылына орточо 10–13 кг сатылса, азыр суроо-талап кыйла өскөн. 


    Тектеш материалды окуу