Жарыяланган
2025-16-06, 16:58Улуттук банк өлкө ичинде сом менен онлайн акча которууда комиссия алууга тыюу салуунун мөөнөтүн узартууну пландоодо. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасы Мелис Тургунбаев Жогорку Кеңештин Бюджет боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Башында аталган тыюу салуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин созулат деп каралган. Бирок ал норма оң натыйжасын берип жаткандыктан, аны узартуу пландалууда. Комиссия алынбайт деген норма сом менен жүргүзүлгөн онлайн акча которууларга гана тиешелүү.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын 25-ноябрынан тарта Кыргызстанда сом менен акча которуу үчүн комиссия алуу жоюлган.