Жарыяланган
2025-06-08, 10:50Бишкектеги «Эрбол Партнерс» акча алмаштыруучу жайларынын 2023-жылдын 27-февралындагы №6475 лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.
Лицензия 5-августтан 19-августка чейин токтотулду. Ага өлкө мыйзамдарын жана Улуттук банк ченемдик-укуктук актыларын бузуу себеп болгон.
Лицензиясы токтотулган акча алмаштыруу жайлар "Жибек-Жолу проспектиси 354" жана "Ауэзов көчөсү №3в үйү" (1-кабат) даректеринде жайгашкан.