Akchabarsearch
    Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы көбөйтүлөт

    Жарыяланган

    2025-06-08, 17:57

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы көбөйтүлөт

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жалгыз акционери болгон Каржы министрлиги банктын уставдык капиталын көбөйтүү тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасында айтылат. 

    Чечимге ылайык, банктын уставдык капиталы акчалай эмес – эки кабат имараты бар жер тилкесинин эсебинен көтөрүлө турган болду. Анын негизинде банк ар биринин баасы 1 миң сом болгон 213 миң 401 энчилүү акция чыгарып, алардын жалпы баасы 213.4 млн сомду түзөт. Жыйынтыгында уставдык капитал 21.4 млрд сомго жетет. 


    Тектеш материалды окуу