Akchabarsearch
Кыргызстандын бюджеттик кирешелери эки айда 150.2 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2026-05-05, 11:08

Кыргызстандын бюджеттик кирешелери эки айда 150.2 млрд сомду түздү

2026-жылдын алгачкы эки айында республикалык бюджеттин кирешелери 150 млрд 242.1 млн сомду түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 млрд 188 млн сомго же 36.5%га көп.

Салыктык эмес кирешелер 75 млрд 440.2 млн сомго жетип, 21 млрд 828.2 млн сомго көбөйдү. Ал эми салыктык кирешелер 73 млрд 806.8 млн сомду түзүп, былтыркыга караганда 18 млрд 298.9 млн сомго өстү. 

Ошондой эле расмий трансферттерден түшкөн каражат 995.1 млн сом болуп, 61.6 млн сомго көбөйгөн.

Салыктык кирешелердин негизги бөлүгүн кошумча нарк салыгы камсыздап, анын үлүшү 37.7%ды түздү. Ал эми салыктык эмес кирешелердин 81%ы менчиктен түшкөн кирешелердин эсебинен камсыздалды.

 


Тектеш материалды окуу