Жарыяланган
2025-06-08, 15:44Кыргызстандан Россияга жөнөтүлгөн бал кайра артка кайтарылды. Бул тууралуу Россиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Оренбург облусу боюнча башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, Кыргызстандан Россияга ташылып бараткан 1.5 тонна бал казак-орус чек арасындагы "Сагарчин" эл аралык өткөрмө бекетинде текшерилип, анын сапатын жана коопсуздугун тастыктаган ветеринардык коштомо кагаздар болгон эмес.
Ага байланыштуу балды ташып бараткан айдоочу административдик жоопкерчиликке тартылып, бал артка кайтарылган.