Akchabarsearch
    Каржы министрлиги баалуу кагаздарды чыгарып, 400 млн сом карыз алат

    Жарыяланган

    2025-06-08, 12:39

    Каржы министрлиги баалуу кагаздарды чыгарып, 400 млн сом карыз алат

    Каржы министрлиги бир жылдык мамлекеттик казына облигацияларын чыгарып, 400 млн сом карыз алат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында айтылат.

    Облигацияларды сатуу боюнча аукцион 7-августта өтөт. 

    Белгилей кетсек, 4-августка карата Каржы министрлигинин бир жылдык мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча карызы 1 млрд 973.9 млн сомду түзгөн. 


    Тектеш материалды окуу