Akchabarsearch
    Кыргызстанда өзүнүн "Диснейлендин" салуу пландалууда

    Жарыяланган

    2025-06-08, 14:22

    Кыргызстанда өзүнүн "Диснейлендин" салуу пландалууда

    Кыргызстанда дүйнөлүк деңгээлдеги алгачкы тематикалык паркты түзүү пландалууда. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду билдирди.

    Фонд жана Чүй районунун акимчилиги аталган долбоорду америкалык IdeAttack, Inc. компаниясы менен өнөктөштүктө ишке ашыруу боюнча меморандумга кол коюшту. Ал компания АКШ, БАЭ, Кытай жана Түштүк Кореядагы белгилүү парктарды жасаган. 

    Парк Токмок шаарында жайгашып, анда "Манас" эпосу менен байланыштуу аттракционтор, кербен жолдоруна арналган аянтчалар, тамак-аш, кол өнөрчүлүк үчүн жерлер түзүлөт. 

    Паркты салганга Чүйдө 50 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. 

     


    Тектеш материалды окуу