Akchabarsearch
    ӨКМде бөлүм башчы кишилерден акча алып, аларды кызматка орноштуруп жүргөн

    Жарыяланган

    2025-06-08, 16:02

    ӨКМде бөлүм башчы кишилерден акча алып, аларды кызматка орноштуруп жүргөн

    Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

    Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ӨКМдин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы (Ч.С.) кишилерден акча алып, аларды министрликтеги кызматтарга орноштуруп жүргөн.

    Маселен, ал бир жарандан 80 миң сом алып, аны министрликтин бир бөлүмүнө ишке орноштура турган болгон. Бирок айткан убадасын аткара алган эмес. Ага байланыштуу алган акчасын электрондук капчык аркылуу кайтарып берген. 

    Аталган факты боюнча 5-августта ал (Ч.С.) кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 

    Учурда бул фактыга катышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 


    Тектеш материалды окуу