Жарыяланган
2025-06-08, 17:14Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев алардын кызматкерлеринин бири коррупцияга шектелип кармалганы боюнча үн катты.
Эскерте кетсек, ӨКМдин кызматкерин УКМК колго түшүргөн. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ӨКМдин Кырсыктарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы (Ч.С.) кишилерден акча алып, аларды министрликтеги кызматтарга орноштуруп жүргөн.
Министр Ажыкеев аталган факт министрлик үчүн өкүнүчтүү, жат көрүнүш экенин билдирди.
"Тилекке каршы беш кол тең эмес. Министр катары белгилеп кетким келет: учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде кадрдык тандоо толугу менен ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт. Ар бир жаран, эгерде, билими, тажрыйбасы жана кесиби талаптарга шайкеш келсе, ӨКМге ачык эле келип, ишке орношо алат. Биз муну дайыма айтып келебиз жана мындан ары да ушул принциптерди карманабыз", - дейт ал.
Ал ӨКМде мыйзамсыз жол менен кызматка орношууга, ортомчулукка жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбей турганын айтты.
"Мындай учурлар жалпы мекеменин аброюна шек келтирбеши керек. Биздин катарда миңдеген ак ниет, ишине берилген, эл үчүн күнү-түнү кызмат кылган куткаруучулар эмгектенип жатышат", - дейт ал.