Akchabarsearch
    Оор жана кооптуу жүк ташыган унааларга 82.7 млн айып салынды

    Жарыяланган

    2025-06-08, 12:04

    Оор жана кооптуу жүк ташыган унааларга 82.7 млн айып салынды

    Оор жана кооптуу жүк ташыган унааларга 82.7 млн айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

    Аталган башкармалык билдиргендей, акыркы кезде оор жана кооптуу жүк ташыган унаалар катышкан жол кырсыктары катталып, адамдар каза болгон учурлар бар. Ошондой эле оор жүк ташыган унаалар шаар ичинде жүрүп, чоң жолдорду булгап же бузган учурлар болууда.

    Ага байланыштуу башкармалык 23-июлдан тарта "Кооптуу жүк" жана "Оор жүк" аталышында рейд жүргүзүп, оор жана кооптуу жүктөрдү (күйүүчү-майлоочу материалдарды, жардыргыч заттарды, тез күйүүчү, уулуу, радиоактивдүү жана башка заттарды) ташыган унааларды текшерүүдө. Анын жүрүшүндө аталган унаалардын айдоочуларына 82 млн 753.5 миң сом айып салынды.

    Рейд мындан ары да уланат. 


    Тектеш материалды окуу