Баткен Мамлекеттик Университетинен 2 миң 170 студент чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган студенттер окууга келбегени жана окуу жайдын талаптарына баш ийбегени үчүн окуудан чыгарылды.
Окуудан чыгарылгандар:
- Баткен мамлекеттик университенинин башкы мекемеси – 570;
- «М.М.Тайиров» атындагы Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институту – 801;
- Кызыл-Кыя технология, экономика жана укук институту – 380;
- «А.А.Машрабов» атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институту – 171;
- БатМУнун алдындагы көп тармактуу колледж – 234;
- БатМУнун алдындагы Педагогика жана коммуникация колледжи – 14.