Akchabarsearch
    Кыргызстандын алтынынын көбү Швейцарияга экспорттолду

    Жарыяланган

    2025-16-06, 14:21

    Кыргызстандын алтынынын көбү Швейцарияга экспорттолду

    2025-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы менен Швейцария Кыргызстандан алтынды эң сатып алган өлкө болду. 

    Буга чейин Кыргызстанды алтынынын көбүн Улуу Британия сатып алып жүргөн. Бирок Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл төрт айда Швейцарияга 727 килограммдан ашык алтын экспорттолуп, анын баасы 6,5 млрд сомду (болжол менен 75 млн доллар) түздү. Ал эми Улу Британияга 2.7 млрд сомго (31 млн долларга жакын) 372 кг алтын экспорттолгон. 

    Кыргызстан быйыл төрт айда чет жакка жалпы 9.8 млрд сомго же 112.1 млн долларга алтын экспортогон. Ал былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда эки эсе аз. 


    Тектеш материалды окуу