Akchabarsearch
Быйыл үч айда Тажикстанга 10.4 млн сомго жумуртка экспорттолду

Жарыяланган

2026-26-05, 15:46

Быйыл үч айда Тажикстанга 10.4 млн сомго жумуртка экспорттолду

Быйыл январь-март айларында чет жакка 349 миң 920 жумуртка экспорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Жумуртканын бары Тажикстанга 10 млн 466 миң сомго сатылган.

Былтыр бир жыл ичинде Тажиксатанга 749 миң 160 жумуртка экспорттолуп, 21 млн 211 миң сомго сатылган. Ал эми Казакстанга 8 млн 467 миң жумуртка экспорттолуп, 39 млн 628 миң сомго сатылган.
 


Тектеш материалды окуу