akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-02-05, 14:55

    Кыргызстанга чет жактан жумуртка ташып келүүгө тыюу салынды

    Кыргызстанда 1-майдан тарта чет жактан тоок жумурткасын ташып келүүгө 6 айга тыюу салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

    Министрлик белгилегендей, тыюу салуу азык түлүк коопсуздугун  камсыз кылуу жана азык түлүк товарларынын базардагы бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынган. 

    Бул чектөө Кыргызстандын аймагы аркылуу ташылып өткөн товарга тиешелүү болбойт. 


    Тектеш материалды окуу