Akchabarsearch
Быйыл эки айда 2.5 миңден ашык кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган

Жарыяланган

2026-06-04, 09:00

Быйыл эки айда 2.5 миңден ашык кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган

Быйыл эки айда 2.5 миңден ашык кыргызстандык Өзбекстанга дарыланууга барган. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика комитети билдирди.

Маалым болгондой, январь-февраль айларында Өзбекстанга 11 миң 876 чет элдик дарыланууга келип кеткен. 

Өзбекстанга дарыланууга барган чет элдиктер:

Тажикстан — 7 562 киши;

Кыргызстан— 2 530 адам;

Казакстан — 1 212 киши;

Афганистан — 338 адам;

Россия — 208 киши;

Башка өлкөлөр — 26 адам. 


Тектеш материалды окуу