
Жарыяланган
2026-29-05, 17:382026-жылы Кыргызстанда жалпы суммасы 2 млрд доллардан ашкан 113 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Жаңы ишканалардын ачылышы 11 миң 741 жумуш ордун түзөт. Бул тууралуу Экономика министрлигинин бизнес чөйрөнү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Аким Насиров билдирди.
Жалпы инвестиция көлөмүн түзүлө турган жумуш орундары менен салыштырганда, бир жумуш ордуна орто эсеп менен 174 миң доллар же 15.2 млн сом туура келет.
Эң көп долбоорлор Чүй облусунда жана Бишкек шаарындагы Эркин экономикалык зонада ишке ашырылат — бул аймактарда 35тен долбоор пландалган. Жалал-Абад жана Ош облустарында болсо 19дан инвестициялык долбоор ишке кирери күтүлүүдө.
Инвестициялардын эң чоң көлөмү Ысык-Көл облусуна багытталат — 1.36 млрд доллар. Бирок бул аймакта болгону 935 жумуш орду түзүлөт.
Жалал-Абад облусунда 142.9 млн доллар инвестиция менен 941 жумуш орду, ал эми Бишкекте 14.5 млн доллар инвестиция менен 526 жумуш орду түзүлөт.
Долбоорлор негизинен курулуш материалдарын өндүрүү жана тамак-аш өнөр жайы тармагына багытталган. Бир жумуш ордун түзүүнүн жогорку наркы бул долбоорлордун көпчүлүгү ири инвестиция талап кылган, жабдууларга, инфраструктурага жана технологияга негизделген өндүрүштөр экенин көрсөтөт.


