
Жарыяланган
2025-25-12, 16:00Быйыл Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу 4 миң 600дөн ашык үй-бүлө батирлүү болду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Элдик Курултайда билдирди.
Бул турак жайлардын курулушуна 40 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Бул көрсөткүч акыркы төрт жылда берилген бардык турак жайлардын дээрлик жарымы болуп эсептелет. 2021-жылдан бери 9 миң 250 үй-бүлө өз үйүнө ээ болгон.
Азыр өлкө боюнча 70 миңге жакын батирдин курулушу жүрүп жатат. Курулуш негизинен Бишкек менен Чүй облусунда, бирок Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Баткен, Талас жана Нарын облустары да камтылган.



