Akchabarsearch
МИК куруп жаткан үйдө жумушчулар негизсиз бошотулуп, ордуна коңшу өлкөнүн жарандары алынган

Жарыяланган

2026-23-02, 16:54

МИК куруп жаткан үйдө жумушчулар негизсиз бошотулуп, ордуна коңшу өлкөнүн жарандары алынган

Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушунда иштеген 21 адам жумуштан негизсиз бошотулган. Бул тууралуу Акыйкатчы билдирди.

Жумушчулардын айтымында, алар 16-январда жумуштан чыгарылып, ордуна коңшу өлкөнүн 60ка жакын жарандары алынган. Алар менен эмгек келишим түзүлгөн эмес, бирок жумушка чыгуу журналы жүргүзүлүп турган. Мындан тышкары, жумушчуларда сүрөт жана видео далилдер болгон.

Алар эмгек укуктарын коргоо жана кайра жумушка орношуу үчүн Акыйкатчыга кайрылышкан. Акыйкатчы тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Мамлекеттик ипотекалык компанияга расмий кат жолдогон.

Мамлекеттик ипотекалык компания курулуш иштерин өзү жүргүзбөй турганын, бул ишти мамлекеттик “Кыргызстройсервис” ишканасы аткарарын билдирген. Ошондой эле январь айында курулушту жүргүзгөн менчик компания алмашып, ишти башка компания улантканы белгилүү болгон.

Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин жаңы компания тиешелүү квалификациясы бар жергиликтүү тургундарды жумушка алууга макул болгон. Февраль айында 21 жумушчу кайрадан ишке алынганын билдирип, көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык айтышкан.
 


Тектеш материалды окуу