
Жарыяланган
2026-11-03, 14:46Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан үйлөрдү эмне себептен өз баасына берүүгө болбой турганын түшүндүрдү.
Президент депутаттардын “Мамлекеттик ипотекалык компания эмнеге үстүнө акча кошот, жер бекер болгондон кийин өз баасына бербейби” деген сын-пикирди кулагы чалып калганын белгиледи.
“Ал компания түбөлүк компания болушу керек. Эгерде үстүнө акча кошпой өз баасына бере берсек, анда жылда бюджеттен акча берип турушубуз керек болот. Анда компания барып-барып, 10-15 жылда болобу, банкрот болуп, элге үй салып бере албай калат”, - деди ал.
Жапаровдун айтымында азыр МИКтин уставдык капиталы 2 млрд долларга жетти.
“Мурда 1 млрд доллар же 87 млрд сом болчу. Улуттук банк тапкан кирешесинен 400 млн долларды компанияга бердик. Бул акчанын 200 миллионун түндүккө, 200 миллионун түштүккө, салынып жаткан үйлөрдү аягына чыгарганга, жаңыларды салганга деп бөлүп бердик”, - деди ал.
Президент билдиргендей, жарандар үйлөрдү 25 жылга чейин ипотекага алып жаткандыктан, ал убакыт аралыгындагы инфляция эске алынып, батирдин 1 чарчы метрине 200-300 доллардан кошулууда. Ал акча инфляцияны толук жаппаса да, жарым-жартылай жабат.
Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компания берип жаткан үйлөр жеке компаниялар сатып жаткан үйлөргө караганда кыйла арзан экенин айтып, МИКтин үйлөрү жашап киргенге даяр кылып салынып жатканын белгиледи.



