
Жарыяланган
2026-08-04, 16:39Быйыл март айында 4 миң 661 жаран пенсияга чыкты. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди.
Андан тышкары 1 миң 571 пенсионердин пенсиясы эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу же майыптыгына байланыштуу кошумча документтер берилгендиктен, кайра эсептелген.
Соцфонд жарандар пенсия маселелери боюнча 1202 кыска номерине кайрылып, маалымат ала аларын билдирди.



