Akchabarsearch
Бишкекте туура эмес токтотулган унааларга рейд уюштурулду

Жарыяланган

2026-08-04, 17:27

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларга рейд уюштурулду

Бишкекте туура эмес токтотулган унааларга рейд уюштурулду. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Рейд бүгүн, 8-апрелде саат 06:00дон 09:00го чейин жүргүзүлүп, туура эмес токтотулган 30дан ашык унаа эвакуацияланган. Алардын баары айып короосуна жеткирилген. 

Андан тышкары дагы 10го жакын унаага протокол түзүлгөн. Унаасын көк чөп өсө турган жерге токтоткон эки жаранга 5.5 миң сомдон айып салынган.

Эскерте кетсек, унааны туура эмес токтоткондор үчүн 1 миң сом айып пул каралган. Жеринде протокол түзүлсө, 300 сом айып салынат. Эвакуатор жүктөп кетсе, анын акысы 1.6 миң сомду түзөт.

Рейдге райондук акимчиликтин өкүлдөрү, кайгуу кызматкерлери, муниципалдык эвакуатор кызматы, Муниципалдык инспекция катышкан. 
 


Тектеш материалды окуу