
Жарыяланган
2026-15-04, 14:47Быйыл Ноокат районунда 19 социалдык объекттин курулушу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде Президенттин райондун өнүгүү иштери менен таанышуу учурунда белгилүү болду.
Пландалган объекттердин катарына мектептер, бала бакчалар, спорт залдар жана фельдшердик-акушердик пункттар кирет.
Район акими Данияр Шейшеканов өткөн жылы 11 социалдык объект курулганын маалымдады. Мындан тышкары, 128.5 км жол салынып жана оңдолуп, 5 айыл жана 1 шаар таза ичүүчү суу менен камсыз болгон.
Ошондой эле кубаттуулугу 600 кВт болгон “Курак-Тектир-2” чакан ГЭСи ишке берилген. Учурда ар бири 7.93 МВт кубаттуулуктагы “Ноокат-1” жана “Ноокат-2” ГЭСтеринин курулушу уланууда.
Мындан сырткары, райондо 12 ири ишкананы ачуу пландалууда. Алардын ичинде кирпич жана асфальт-бетон заводдору, тигүү цехи жана жашылча-жемиш сактоочу заманбап кампалар бар.


