
Жарыяланган
2026-14-05, 09:36Ноокат районундагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтү Ак-Булак айылынын ички көчөлөрүнө асфальт төшөө үчүн 14 млн 938 миң 981 сомдук тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Сунуштар 2026-жылдын 28-майына чейин кабыл алынат. Подрядчы ачык жана эки пакеттүү ыкма менен тандалат.
Долбоор эки көчөнү камтыйт. Анын алкагында узундугу 1 миң 317 метр болгон Т. Бердибаев көчөсүнө жана 1 миң 60 метр болгон М. Айдаралиев көчөсүнө асфальт төшөлөт.
Тендерге катышуучу компаниялар акыркы эки жылда кеминде 13 млн сомдук ушундай эле иштерди аткарган болушу керек. Ошондой эле тиешелүү лицензиясы, техникасы, каржылык мүмкүнчүлүгү жана квалификациялуу адистери болушу зарыл. Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карызы жок болушу да талап кылынат.
Курулуш бүткөндөн кийин объектке 1.5 жылдык кепилдик мөөнөтү берилет. Төлөм иштер толук бүткөндөн кийин жүргүзүлөт.


