
Жарыяланган
2026-15-04, 16:16Президент Садыр Жапаров Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушууда аймактагы инфраструктура жана социалдык тармактардагы иштер боюнча маалымат берди.
Ал акыркы 5 жылда райондо 123 чакырым жолго асфальт төшөлгөнүн, ошондой эле дагы 91 чакырым жолдун оңдоо иштери башталарын, анын 39 чакырымы бүткөрүлөрүн белгиледи.
Мамлекет башчысы быйыл райондо спорт комплекси, спорт зал жана көркөм өнөр мектеп-интернаты сыяктуу бир катар социалдык объекттер куруларын билдирди.
Саламаттык сактоо тармагына токтолуп, ал дарыгерлердин шартын жакшыртуу, айлык акыны көтөрүү жана кадр тартыштыгын азайтуу багытында иштер жүрүп жатканын айтты. Ошондой эле Көк-Жар айылында 100 орундуу жана Жаңы-Базар айылында 40 орундуу ооруканалардын курулушу жүрүп жатканын белгиледи.
Билим берүү тармагына токтолуп, ал окуу жылынын башталышы менен 2 миң 743 мугалим ноутбук менен камсыздалганын билдирди. Ошондой эле республикалык бюджеттин эсебинен 4 мектеп жана 1 бала бакча курулуп жатканын айтты.


