akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-10-05, 14:38

    Быйыл Ош облусунда 100,8 миң акылдуу эсептегич орнотулат

    Ош облусунда быйыл 100 миң 850 акылдуу эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди. 

    Бүгүнкү күнгө карата облуста 17 миң 850 акылдуу эсептегич орнотулду. 

    Ошондой эле алдыда кубаттуулугу 220/110/35 кВ болгон 82 көмөк чордон оңдолот. 

    67,5 чакырым жерге чыңалуусу 0.4 кВ болгон сырты капталган зым тартуу каралган болсо, анын 8 чакырымы бүткөрүлдү. Аны менен бирге 38.4 чакырым жерге 10 кВ болгон сырты капталган зым тартылат. 


    Тектеш материалды окуу