akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-10-05, 09:07

    Улуттук валюта – сомго 32 жыл толду

    Бүгүн, 10-майда кыргыз сомуна 32 жыл толду. 1993-жылы ушул күнү Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын киргизди. Ал өлкөнүн көз карандысыздыгынын жана эгемендигинин жышааны болгон. Отуз жылдан ашык убакытта сом аймактагы туруктуу валюта экенин көрсөтүп, өзүнүн дизайны жана коргоо белгилери менен эл аралык деңгээлде жогорку баага татып келет.

    Кыргыз сомунун көптөгөн өзгөчөлүктөрү бар экенин билбегендер болсо керек. Маселен бир купюраны сегиз жылга чейин колдонууга болот. Ар бир банкнотада 30дан ашык коргоо белгилери бар. Алардын айрымдары сыр бойдон сакталат. 2023-жылкы үлгүдөгү банкноталардын жаңы сериясы "Жылдын банкнотасы” эл аралык сынагында мыкты деп табылган. 1, 3, 5 жана 10 сомдук монеталар болоттон жасалып, сырты никель менен капталган.

    Эскирген банкноталар колдонуудан чыккандан кийин кыштарды бышырууда пайдаланылат. 

    Акчадагы боек ысык сууга жууса да кетпейт.


    Тектеш материалды окуу