Akchabarsearch
Келерки жылы жөлөкпул төлөөгө дээрлик 22.9 млрд сом жумшалганы жатат

Жарыяланган

2026-18-09, 13:29

Келерки жылы жөлөкпул төлөөгө дээрлик 22.9 млрд сом жумшалганы жатат

2027-жылы Кыргызстанда жөлөкпул төлөөгө 22 млрд 882.1 млн сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу 2027-жылга карата бюджеттин долбоорунда айтылат. 

Белгилүү болгондой, өлкөдө берилген жөлөкпулдар Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан төлөнөт.

Келерки жылы министрликтин чыгымдарына деп өлкө бюджетинен 33 млрд 459.8 млн сом бөлүү пландалууда. Бул акчанын 22 млрд 882.1 млн сому же 68.4%ы мамлекеттик жөлөкпулдарга жумшалганы жатат.

Анын ичинен:

  • "Балага сүйүнчү" бир жолку төлөмүнө - 626.9 млн сом;
  • "Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулуна - 1 млрд 369.7 млн сом;
  • "Бала береке" бир жолку төлөмүнө - 3 млрд 307.9 млн сом;
  • "Бала ырысы" ар айлык жөлөкпулуна - 3 млрд 436.9 млн сом;
  • "Үй-бүлөгө көмөк" ар айлык жөлөкпулуна - 3 млрд 239.3 млн сом;
  • Ар айлык социалдык жана кошумча жөлөкпулдарга, анын ичинде пенсияга укугу жок жарандар алган жөлөкпулга - 8 млрд 835.1 млн сом.
  • Майыптыгы бар балдарды караган жеке ассистенттерге эмгек акы төлөөгө - 2 млрд 65.6 млн сом. 

Тектеш материалды окуу