
Жарыяланган
2026-18-09, 12:27Ош шаарында Р. Абдыкадыров көчөсү кеңейтилүүдө. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, аталган көчө Б. Осмонов көчөсүнө алып чыгат. Бул максатта долбоорго кирген жеке менчик турак жайлар буздурулууда.
Шаар жетекчилиги үйү буздурула турган жарандарга кенемте төлөнө турганын убада кылган.
Мэрия белгилегендей, учурда Ош шаарында бир нече көчөдө жолду оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Алардын көпчүлүгү акыркы бир айда пайдаланууга берилди.



