Akchabarsearch
Окуучуларды китеп менен толук камсыз кылуу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүнөт

Жарыяланган

2026-18-09, 13:56

Окуучуларды китеп менен толук камсыз кылуу үчүн кошумча 7 млрд сом бөлүнөт

Мектеп окуучуларын китеп менен толук камсыз кылуу үчүн президент Садыр Жапаровдун чечими менен кошумча 7 млрд сом бөлүнө турган болду. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, өлкө жетекчилиги окуу китептеринин жетишсиздиги боюнча ата-энелердин нааразычылыгын көрүп жатат. Көйгөй илгертен бери бар жана аны жашырууга же ар кандай себептер менен актоого болбойт.

Ал билдиргендей, мурда мектептерди китеп менен камсыздоо үчүн орточо жылына 100 млн сом бөлүнчү. Акыркы эки жылда болсо 1.3 млрд сомдон ашык акча берилди. Ошол эки жылда өлкөдө 9.6 миллиондон ашык жаңы китеп чыгарылган. Бирок ал да китеп маселесин чечүүгө жеткен жок.

"Мамлекет үчүн канча миллиард сом бөлүнгөнү же канча миллион китеп басылганы эмес, ар бир окуучунун колуна керектүү китептин жеткени маанилүү. Эгер ата-эне баласына китеп издеп базар аралап жүрсө, демек иш толук аткарылган жок.

Мындан тышкары, өлкө азыр 12 жылдык билим берүү системасына өтүп жатат. Окуу программалары, стандарттар жана китептер жаңыланууда. Мындай чоң реформа бүгүн белгилүү бир ыңгайсыздыктарды жаратышы мүмкүн. 

Бирок анын максаты балдарыбыз эртең заман талабына жооп берген сапаттуу билим алышы үчүн билим берүү системасын бүгүнтөн жаңылоо. Ошол эле учурда реформаны китеп жетишсиздигине шылтоо кылууга эч кимдин акысы жок", - дейт ал. 

Возможно, это изображение один или несколько человек и отдел новостей

Ал билдиргендей, окуучулардын саны да жыл сайын өсүп жатат. Бирок муну да китеп жетишсиздигинин себеби катары көрсөтүүгө болбойт. Тиешелүү жетекчилер окуучулардын санындагы өзгөрүүнү алдын ала эсептеп, керектөөнү ошого жараша пландашы керек.

Алагөзов китеп маселесин чечүүгө кошумча 7 млрд сом бөлүнгөндөн кийин тиешелүү жетекчилер жыйынтык көрсөтүшү керек. 

"Агартуу министрлиги мындан ары жалпы сандар менен гана отчет бербеши керек. Ар бир мектеп боюнча кайсы предметтен канча китеп берилгени, канчасы жетишпей жатканы жана жетишпеген китептер качан басылып, качан жеткирилери тууралуу маалымат министрликтин сайтында ачык жарыялануусу зарыл. 

Ар бир ата-эне өз баласы окуган мектепте кайсы китептен канча нуска жетпей жатканын жана ал качан келерин билиши керек", - дейт ал. 

Анын айтымында, китеп басууга "Учкун" ишканасы жалгыз жетишпей турган болсо, өлкөдөгү талапка жооп берген башка басмаканаларды да ишке тартуу зарыл.

Сөзүн улай Алагөзов окуучуларга акысыз берилиши керек болгон китептердин базарларда сатылып жатканы боюнча пикирин айтып, ал боюнча текшерүү башталганын, анын жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдар жоопко тартыларын билдирди. 


Тектеш материалды окуу