
Жарыяланган
2026-31-03, 11:51Быйылкы жылы Бишкек–Ош автожолунун Төө-Ашуу ашуусунда коопсуздукту камсыздоочу иш-чаралар активдешет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Атап айтканда, эски асфальт катмары алынып, анын ордуна жаңы, сапаттуу асфальт төшөлөт. Бул 130-146 чакырымдагы 16 чакырым жолду камтыйт.
Мындан сырткары, жол тейлөө ишканасы 80-139 чакырым аралыкта 200 даана коопсуздук парапетин орнотууда.
Азыркыга чейин 180 парапет орнотулуп, жолдо жүрүүчү адамдар үчүн коргоо чаралары күчөтүлүүдө.



