Akchabarsearch
Быйыл Талас шаарына жол оңдоого жана автобустарды алууга 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Жарыяланган

2026-25-05, 11:58

Быйыл Талас шаарына жол оңдоого жана автобустарды алууга 1 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Быйыл Талас шаарына жолдорду оңдоого жана автобустарды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1 млрд 90 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министри Руслан Сүйүналиев “Ачык кабинет” иш-чарасынын алкагында журналисттерге айтты.

Анын айтымында, Каракол шаарына социалдык объектилерди куруу үчүн 679 млн сом каралган.

Ошондой эле Чолпон-Ата шаарына Шанхай кызматташтык уюмуна байланыштуу иш-чараларды өткөрүүгө 1 млрд 78 млн сом бөлүнгөн.

Министр аппараттык жыйын болуп өтүп, Каржы министрлигинин аймактык жетекчилеринен бул каражаттардын канчалык деңгээлде өздөштүрүлүп жатканы жана каржылоо иштери тууралуу маалымат алынганын кошумчалады.

 


Тектеш материалды окуу