Akchabarsearch
МИК Талас шаарында 495 батирлүү турак жай куруп жатат

Жарыяланган

2026-22-10, 11:13

МИК Талас шаарында 495 батирлүү турак жай куруп жатат

Талас шаарында мамлекеттик ипотекалык программанын (МИК) алкагында 9 кабаттуу турак жайлар курулууда. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Бердике баатыр көчөсүндөгү мурдагы автобазанын аймагында салынып жаткан үйлөр 11 блоктон туруп, жалпы 495 батирди камтыйт. Анын ичинен 198и бир бөлмөлүү,  дагы 198и эки бөлмөлүү, калган 99 батир үч бөлмөлүү болуп салынууда.

Учурда курулуш иштеринин 50%ы аткарылып, 200дөн ашык жумушчу эмгектенүүдө.

Долбоор 2027-жылдын төртүнчү кварталына чейин аяктап, батирлер жарандарга жылдык 4 жана 8 пайыздык ипотека менен берилет
 


Тектеш материалды окуу