
Жарыяланган
2026-02-11, 10:37Кант шаарында 5 миң 250 ипотекалык батирдин курулушу уланууда. Турак жай комплексин 2027-жылы толугу менен бүтүрүп, батирлерди ээлерине тапшыруу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Долбоордун алкагында 150 блоктон турган жети кабаттуу турак жайлар курулууда. Учурда курулушта миңден ашуун адам иштеп жатат.
Маалыматка ылайык, имараттардын сырткы жасалгалоо жана чатыр жабуу иштери, ошондой эле 120 блоктун монолит иштери толугу менен аяктады.
Турак жай комплексинде жашоочулар үчүн кеңири жолдор жана унаа токтотуучу жайлар каралган. Долбоор боюнча батирлердин 90 пайызына бирден унаа токтотуучу орун туура келет.
Мындан тышкары, комплекстин аймагында 750 орундуу мектеп жана бала бакча куруу пландалууда. Ошондой эле өзүнчө канализацияны тазалоо системасы жана суу алуучу жай курулат. Ар бир батирге жеке жылытуу казаны орнотулат.
Белгиленгендей, курулуш иштерин кийинки жылы толук аяктоо пландалууда.



